Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Кытайга болгон иш сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси талкууланды
31-январда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Соода министринин орун басары Ли Цзиньцзао менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы, гидроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы, инфраструктура жана транспорт, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууну улантууну макулдашылды. Мындан сырткары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Кытайга сүт азыктарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















