super.kg logo
  Саясат  

КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директорлук кызматка Султан Жумагуловду шайлады

 

КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директорлук кызматка Султан Жумагуловду шайлады. Кечээ, 23-ноябрь күнү Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директорлук кызматка талапкерлерди жашыруун добуш берүү аркылуу тандашкан. Жыйынтыгында Жумагулов 12 добуш алуу менен атаандаштарынан озуп чыккан.

Директорлук кызматка ат салышкандардын арасында Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаевдер бар болчу.

Айта кетсек, август айында КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин кызматтан кетүү боюнча арызын Байкоочу кеңеш канааттандырган. Андан соң бул кеңеш өз отурумунда С.Жумагуловду директордун милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлаган. Султан Жумагулов буга чейин "Азаттык" радиосунун жана ЭлТР телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: