super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, Манас районундагы мектептердин биринде өрт чыкты

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 24-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринде 21 чарчы метр бөлмөнүн жыгач шыбы, 1 даана сыналгы, 2 эшик, 3 терезе, 16 төшөк күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин этиятсыздыгы себеп болгон.

Ошондой эле Манас районуна караштуу Кеңеш айылындагы Исак Отунбаев атындагы орто мектептин от казанынын 16 чарчы метр жыгач полу жана эшиги күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуусунун себеби такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: