Өкмөт Бажы биримдигине кирүү боюнча 8 мыйзам долбоорун жактырды
Бүгүн, 24-ноябрда Өкмөт үйүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу укуктук-нормативдик актылардын долбоору талкууланды. Өкмөт Экономика министрлиги тарабынан сунушталган "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө", "Кыргызстанда табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө", "Жарнама жөнүндө" жана "Энергетика жөнүндө" мыйзам долбоорун бекитип, парламенттин кароосуна жиберди.
Жогорку Кеңеш 8 документти 23-декабрга чейин кабыл алышы керек. Буга чейин 16 мыйзам долбоорун кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

