super.kg logo

Борбордогу курулуп жаткан ири мечит пайдаланууга 2016-жылы берилет

 

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч менен 22-ноябрда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, азыркы учурда мечиттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Муфтий жана Орхан Генч Бишкектеги чоң мечиттин курулушу жана алдыдагы жасала турган иштери менен таанышышты. Орхан Генч мечит 2016-жылы пайдаланууга берилерин жана кыргыз элине түрк элинин чоң белеги боло тургандыгын, тарыхтан калыптанып келген иш тажрыйбаларынан муфтият менен бөлүшүп иш алып бара тургандыктарын билдирди.

Максатбек ажы Токтомушев өз сөзүндө курулуп жаткан борбордук мечиттин башкы планынын негизинде эки тарап бири-бири менен кеңешип жасай турган иштер бар экендигин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
24.11.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун турк боордошторубузга!!!
24.11.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык,кийин саид нурсийлердин идеологиясын тануулабаса болду турк туугандар.
24.11.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге биз Озубуз ушундай Жараткандын уйун Озубуз куралбайт белек??? Кыргыздар Оздору мечиттин чиймесин чийип. Озубуз курсак болот эле! Ушул нерсени турктор акча чогултуп жасашыптыр! Коншу тжиктер ГЭСтерин оздору акча салып куруп жатышат.Кыргызда намыс калдыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: