Коомдук байкоочу кеңеш мүчөлөрүн шайлоо боюнча сынактын мөөнөтү узартылды
Коомдук байкоочу кеңеш мүчөлөрүн шайлоо боюнча сынак 2014-жылдын 8-декабрына дейре узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия коомчулуктун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнөн төмөнкүдөй белгиленген мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине шайлоо үчүн сынакка катышууга документтерди кабыл алуунун мөөнөтүн узартты.
Министрликтер, мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик кызматтар, фонддор, мамлекеттик инспекциялар 2014-жылдын 19-сентябрында жарыяланган сынакка катышуу үчүн документтерди 8-декабрга чейин тапшырышы керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

