super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Талас шаарын суу менен камсыз кылуунун сапатын жакшыртууга багытталган насыялык макулдашууну жактырды

 

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети Талас шаарын суу менен камсыз кылуунун сапатын жакшыртууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун 1-окууда карады. Насыялык макулдашууну депутаттар менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бөрүбай Саматов тааныштырды. Маалыматка ылайык, долбоордун максаты Талас шаарын суу менен камсыз кылуунун сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоорду ишке ашырууга каралган насыя 15 жылга 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Пайыздык ставкасы – 1 пайыз евро. Мында гранттык каражаттардын жалпы суммасы 3,9 миллион еврону, насыянын суммасы 2,0 миллион еврону түзөт.

Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов бул долбоорду ишке ашыруучуларды насыялык жана гранттык каражаттарга этияттык менен мамиле жасап, максаттуу пайдалануу менен иштин сапаттуу бүткөрүлүшүнө көңүл бурууга чакырды. Талкуу соңунда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: