super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду

 

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациянын өкмөттөрү аралык Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КРнын Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жана Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак макулдашууга кол коюшту.

Мамлекет башчы аталган фонддун түзүлүшү өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп, бул евразиялык аймактагы интергациялык процесстерге ыңгайлашууда көмөк көрсөтөрүн айтты. Ошондой эле өнүктүрүү фонду биринчи кезекте ата мекендик ишкерлерди колдоодо эффективдүү иш алып барарына ишенерин кошумчалады.

Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Алгачкы 100 миллион доллар 2014-жылдын 31-декабрында берилет. Калган 400 миллион доллар 2016-жылдын 29-майына чейин бөлүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: