Вице-премьер-министр Валерий Дилдин Германия Федеративдик Республикасындагы иш сапары башталды
Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Дилдин Германия Федеративдик Республикасындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, вице-премьер-министр немис ишкерлери жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы, Бажы биримдигине кирүү алдында турган Кыргызстан менен өндүрүш тиричилик тармагындагы кызматташуусун талкуулайт.
Ошондой эле чакан жана ири ишкердикти колдоо, экономика тармагындагы адистердин билимин жогорулатуу, КРга инвестиция тартуу маселелери каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

