super.kg logo

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 1261 ардагери калды

 

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 1261 ардагери калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевге шилтеме берүү менен өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Жылдан-жылга ардагерлердин саны азаюуда. Быйыл 283 ардагер каза тапкан. Социалдык өнүгүү министрлиги ардагерлерге колдоо көрсөтүп келет. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ар жылдык кошумча акчалай жөлөк пулун жогорулатуу сунушталууда. Мындан тышкары "И.В.Панфилов атындагы 8-мотоаткычтар гвардиялык дивизиясы" китебин кайрадан басуу пландалууда",- деди министр. Бул китеп 20 жыл мурун басылган.
Анын айтымында, И.Панфиловдун 100 жылдыгына карата Советтер Союзунун Баатырына эстелик орнотууга марафон уюштуруу пландалып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: