super.kg logo

Борбор калаада дин кызматкерлерин аттестациялоо иштери жүрүүдө

 

Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында дин кызматкерлерин аттестациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чараны муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштап: “Мусулман баласы күн сайын аттестациядан өтүп турушу керек. Алла Таала адамзатын сыноо үчүн жараткандан кийин, илимде, адеп-ахлакта, руханий баалуулуктарда, Аллага жакындыкта биз күн сайын Жаратканга жакындап, анын буйруктарын аткарып, эл-журтка кызмат кылып, мамлекетибиздин тынчтыгына жана туруктуулугуна салым кошконго аракет кылып турушубуз зарыл”,- деди ал. 

Маалым болгондой, бүгүн аттестациялоо иши Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан башталса, мындан ары этап-этап болуп, казыяттар, райондун имамдары, айыл имам-хатибдери жана имамдар бул сынактан өтүшөт.

Аттестациялык сынакка алгачкылардан болуп муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов кирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.11.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы демилге,Аллах ыраазы болсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: