super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Кыргызстан менен эл аралык каржы уюмдарынын ортосундагы насыялык макулдашууну жактырды

 

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргызстан менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Талас шаарын суу менен камсыз кылуу тутумунун жабдууларын алмаштырууга 5 миллион доллар бөлүү жөнүндө макулдашууну жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Бул эки эл аралык макулдашуунун негизинде Талас шаарын таза суу менен камсыз кылуу тутумунун жабдууларын алмаштыруу багытында 3 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат жана 2 миллион доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыя берилет. Жеңилдетилген насыя каражаты 15 жылдык мөөнөткө 1,5 үстөк пайыз менен каралмакчы, анын алгачкы 3 жылы – төлөмсүз мөөнөт.

Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков шаарды таза суу менен камсыз кылуу тутумунун абалы кыйын экенин белгилеп, 5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат келип калса, бардык жабдуулар жаңыртыла турганын, насыядан кутулуу үчүн суунун наркы келерки үч жыл аралыгында 30 пайыздан 100 пайызга чейин кымбаттай турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: