super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “чет өлкөдөн каржыланган уюмдарды "агент" катары таанып, алардын саясий ишмердигине чектөө киргизиш керек” дешти

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети бүгүн, 24-ноябрда коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттик угууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргызстанда иш алып барган жана чет өлкөлүк уюмдар тарабынан каржыланган коомдук уюмдарга карата аларды каттоого алуу, алынган каржы каражаттарынын жумшалуусу тууралуу отчёттуулугу, аларга “чет өлкөлүк агент” макамын берүү талаптары коюлууда. Иш-чара жүрүшүндө анын катышуучулары тарабынан талкууга коюлган мыйзам долбоорлору боюнча кыйла кайчы пикирлер айтылды. Өзгөчө “чет өлкөлүк агент” макамынын тегерегинде көп талаш-тартыштар жаралды. Мыйзам демилгечилери бардык расмий сөздүктөрдө “агент” деген түшүнүк “өкүл” деген маанини гана туюндура турганын айтышты.

Депутат Нуркамил Мадалиев эл аралык уюмдардын 99 пайызы чет элдик каржы булактарынан камсыздаларын айтып, алардын саясий ишмердүүлүгүнө чектөө киргизиш керектигине токтолду. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлорун жакшыртуу, анын ичинде жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өз ара алакаларын арттыруу багытында бир катар сунуштамалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: