super.kg logo

Бишкекте жарандарга өпкөлөрүн акысыз текшертип алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү (фото)

 
Спирометр - өпкөдөн чыккан абанын көлөмүн өлчөөчү жабдуу.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронкуловдун айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты - өпкө ооруларынын алдын алуу жана бул маселеге көңүл буруу. "Дүйнөдө 600 миллион адамда өпкөнүн өнөкөт обструктивдик оорусу бар. Алардын көбү 40 жаштан жогоркулар. Кыргызстанда да бул илдет көйгөйлүү",- деди ал.
Бүгүн, 24-ноябрда Өпкөнүн өнөкөт оорусу (ХОБЛ) менен күрөшүү күнүнө карата Бишкектеги соода дүкөндөрүнүн биринде өпкөнү текшерүү боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чара саат 16:30дан 20:00гө чейин уланат. Жарандар өз ыктыяры менен анализдерин тапшырышты. Учурдан пайдаланып SUPER.KG порталынын кабарчысы да өпкөсүн текшертип чыкты.
Алгач бейтап аты-жөнүн, өпкөгө таасир келтирчү заттар жана өпкө оорулары тууралуу маалыматты айтат. Андан соң ал спирометрге (өпкөдөн чыккан абанын көлөмүн өлчөөчү жабдуу) толук күч менен үйлөшү зарыл. Пульмонологдордун айтымында, эгер бейтаптын көрсөткүчү 80 пайызга жетпесе, ага тиешелүү медициналык мекемеге багыт берилет. SUPER.KG'нин кабарчысынын көрсөткүчү 98 пайыз болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронкуловдун айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты - өпкө ооруларынын алдын алуу жана бул маселеге көңүл буруу. "Дүйнөдө 600 миллион адамда өпкөнүн өнөкөт обструктивдик оорусу бар. Алардын көбү 40 жаштан жогоркулар. Кыргызстанда да бул илдет көйгөйлүү",- деди Сооронкулов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: