super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев облус башчыларын кабыл алды

 

Кечээ, 24-ноябрда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев облус башчыларын кабыл алды. Анда 2014-жылга коюлган пландар жана милдеттенмелердин аткарылышы боюнча отчёттор угузулду. Ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуу маселелери да каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

“Ош шаары жана Ош облусунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу жакшы жүрүүдө. Бардык облустар 2015-жылдын 1-мартына чейин маалыматтарды чогултуп бүтүшү керек”,- деди Сарпашев.

Ошондой эле Тайырбек Сарпашев жыл аягында ар бир райондун, шаарлардын башчыларына, облустагы өкмөт өкүлүнө аймактардагы социалдык-экономикалык абал, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча баа берилерин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: