super.kg logo

Барган сайын өлкөдө аялдар менен эркектердин тукумсуздук белгилери көбөйүп жатат

 

Барган сайын өлкөдө аялдар менен эркектердин тукумсуздук белгилери көбөйүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча коомдук угууда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, жыныстык оорулар, тукумсуздук аялдарга эле эмес, эркектерге да таандык нерсе. 

“Аялдар жакшыбы-жаманбы, врачтарга барып дарыланышат. Ал эми эркектер дарыгерге кайрылганды жаман көрүшөт”,- дейт Ниязалиева. 

Ошондой эле депутат барган сайын өлкөдө аялдар менен эркектердин тукумсуздук белгилери көбөйүп жатканын белгиледи. "Төрөт курагындагы аялдардын 15 пайызы баласыз калат. Алар бала асырап алышса болот. Бирок көбүнчө аялдар айыпталып, үй-бүлөлөр бузулуп, ажырашканга чейин барышат. Ошондуктан үй-бүлөнү сактап калыш үчүн "карын эне" ыкмасын айласыздан колдонууга мажбур болууда. Буга ар бир үй-бүлөнүн укугу бар.

"Карын энелик" келишим түзүлүп жаткан учурга карата 40 жашка чейинки курактагы (иштеп жаткан мыйзамда 35 жашка чейин), жок дегенде бир бала төрөгөн аял гана "карын эне" боло алат (18-берене). Коомдук угуулардын жүрүшүнүн учурунда "карын энелик" ыкма коммерцияга жол ачып, бизнеске айланып кетет дегендей ойду айтышты. Биз алдыга карашыбыз керек. "Карын энелик" - тукумсуз калып жаткан үй-бүлөнүн акыркы айласы”,- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.11.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул тукумсуздук Кытайдын продукцияларынын айынан болуп жатат,кытайлар айткан да согушбай туруп тукум курут кылып жок кылам деп.
25.11.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
danyshman, туура айтасын бир эле тукумсуздук эмес ооруунун баары ушул кытай тамагынан болуп жатат менимче,кыргызстанда иштеген кытайлар азык тулугуну кыргызстандан сатып албай кытайдан алып келип жешет деп уккам.
25.11.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карын эне деген ал эмнеси экен? Тукумсуздуктан кутулуунун негизги жолу озубуздун адал жана улуттук тамактар менен тамактансак, уюлдук телефонду жаныбызга жакын алып журбой(шымдын чонтокчосуно салбай телефон салып журуучу кутуча менен которсок жыныс жолдорубузду зыяндуу нурунан сактасак) бул тукумсуздук бизге зыянын тийгизе албайтго деп ойлойм
Сактанганды сактаймын дейт эмеспи кудайда озубузду озубуз азыртан абайлайлы
25.11.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka1994, карын эне-суррогатная мать
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: