Депутат Садыр Жапаров: "Мен "Сайга" мылтыгын Ак үйдө аңчылык кылуу үчүн алып жүргөн жокмун"
"Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча сот иши уланып, депутаттар сурак берүүдө. Сотто прокурор Садыр Жапаровго "Сайга" мылтыгын Ак үйдүн ичинде алып жүрүүгө болбойт, эмне үчүн 3-октябрдагы митинг күнү сизде андай мылтык жүргөн?" деп суроо берди. Депутаттын жообу: "Ооба, ал мылтыкты мен Ак үйдө аңчылык кылуу үчүн алып жүргөн жокмун. Өзүмдү коргоо үчүн алып жүргөм, аны колдонуу эрежелерин дагы билем. Ал мылтык негизи сейфте сакталып турушу керек болчу, бирок митинг күнү сактануу үчүн жанымда алып жүрдүм. 3-октябрга чейин мен эч кандай аңчылыкка барган эмесмин. 2-октябрда мончого баргам".
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

