super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Кызыл-Кыя шаарында турак үйдүн 32 чарчы метр шыбы күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 25-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Базар-Коргон районундагы райондук администрациясына караштуу “Айыл курулуш” ААКнын имаратынын бухгалтерия бөлмөсүнөн 3 стол жана иш кагаздары күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен үйдүн эки бөлмөсүнүн жалпы аянты 32 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу, үй эмеректери жана төшөнчүлөр күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: