super.kg logo

Жалал-Абад. 19 жайда биометрикалык маалыматтарды каттоо жүрүп жатат, бирок жабдуулар дагы да жетишсиз болууда

 

Жалал-Абад шаарында биометрикалык маалыматтарды каттоо боюнча стационардык жана мобилдүү пункттар Жалал-Абад шаары боюнча 17 жайда иштеп жатат. Ага кошумча дагы Көк-Арт кичи шаарчасындагы №19-мектепте атайын стационардык жай менен бир мобилдүү топ иштей баштаган. Жалпысынан шаар ичинде 19 жайда биометрикалык маалыматтарды каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында болгон жумушчу сапарында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “эгерде биометрикалык маалыматты каттоо үчүн жабдуулар жетишсиз болуп жатса, анда өтүнүч каты менен кайрылып, кошумча жабдуу алсаңыздар болот” деген. Жалал-Абад шаарында калктуу конуштарды тейлөөдө биометрикалык маалыматтарды каттоо үчүн атайын жабдууларга муктаждык болууда. “Биздин шаарга дагы он кошумча жабдуу алуу үчүн өтүнүч катын жибердик. Эми шаар тургундары үчүн дагы ыңгайлуу он жайда биометрикалык маалыматты каттоо иштери жүрө баштайт. Азыркы күнгө шаар боюнча 5688 жаран катталган”,- дейт биометрикалык маалымат топтоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: