super.kg logo
  Саясат  

Ольга Лаврова: "Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фонду өзүн өзү актай турган долбоорлорду каржылайт"

 

Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фонду өзүн өзү актай турган долбоорлорду каржылоону ишке ашырат. Бул тууралуу 24-ноябрда каржы министри Ольга Лаврова билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.    

"Кыргызстандын Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болушуна көмөктөшө турган Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Кийинки жылдын апрель айына карата 100 миллион доллар өлчөмүндөгү биринчи транш, 2015-жылы өз-өзүнчө транш менен дагы 400 миллион доллар келип түшөрү болжолдонууда. Фонд кайра кайтаруу негизинде долбоорлорду каржылайт, ошондуктан капитал жүгүртүлөт. Бул каражаттар жетеби же жетпейби деген суроо кайрадан түзүлгөн түзүм кандай иштеп кеткенинен көз каранды. Башкача айтканда, фонд капиталдын талаптагыдай жүгүртүлүшүн камсыздоо жана аларды жаңы өзүн өзү актай турган долбоорлорго жумшоо үчүн жакшы иштөөгө тийиш”,- дейт Лаврова.  

Айта кетсек, аталган фондду түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу иш-чарасы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: