super.kg logo

Жалал-Абад шаарынын активи бир күндүк маяналарын Тоңдогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга берүү чечимин кабыл алды

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жер титирөөдөн жабыр тарткан тургундарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абад шаарынын активи тарабынан 22-ноябрда өткөрүлгөн отурумда ишкана-мекемелер, шаар тургундары жардам катары бир күндүк эмгек акысын жардам көрсөтүү үчүн бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Учурда бир күндүк маянаны накталай жыйноо боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө. Топтолгон каражатка курулуш материалдарын алып, жабырлануучуларга ыкчам жеткирип берүүнү максат кылып жатабыз”,- деди жумушчу топтун төрагасы, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Салыжан Умаров.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунда болуп өткөн 7 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен 1000ден ашуун жеке үйлөр жана социалдык объектилер зыян тартып, жараксыз абалга келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абадтык туугандар, сиздерге чон ыраазычылык билдиребиз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: