super.kg logo
  Саясат  

Биометрикалык маалыматтарын тапшырган калктын саны дээрлик 290 миңге жетти

 

Кыргызстанда 24-ноябрга карата 288 851 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аймактар боюнча бир күндө 59 785 адам биометрикалык маалыматын тапшырган. Биометрикалык маалыматты чогултуу борбор калаада 20-октябрда башталса, аймактарда 10-ноябрда ишке киришкен. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 808 пункт ачылган. Бишкек боюнча бир күндө 3940 адам, жалпы 54 343 жаран биометрикалык маалыматын тапшырды.

Бишкектеги төмөнкү ЖОЖдордо биометрикалык маалыматты чогултуучу пункт ачылган:

1. Жусуп Баласагын атындагы КУУ (8-корпус)

2. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети

3. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети

4. Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура университети

6. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филиалы (10-кичи район)

7. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институту

8. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети

9. Кыргыз туризм академиясы

10. КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы 

11. Х.Карасаев атындагы БГУ






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: