Кыргызстанда биринчи жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган мультфильм көрсөтүлдү
Борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде алгачкы жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган "Кот Гром и заколдованный дом" аттуу мультфильм көрсөтүлдү. "Көрчү, кандай угулуп жатат?" аталышындагы иш-чара шаардагы угуусу начар балдар интернатынын тарбиялануучулары үчүн уюштурулган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
250дөн ашуун бала мультфильмди көрүү менен чектелбестен, уюштуруучулар тарабынан даярдалган оюн-зоок программаларына да катышты. Долбоордун демилгечилери мындан ары иш-чараны өлкө аймагында уюштурууну пландашууда.
Кыргызстандагы социалдык программанын уюштуруучуларынын бири Алмазбек Мамырбаев жакынкы күндөрдө балдар үчүн дагы бир нече мультфильм көрсөтүлүп, кийинки жылы дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган 5 мультфильмдин бет ачары болорун айтты. "Көрчү, кандай угулуп жатат?" деген программаны колдогондор видеону берип жатышат, биз аларга угуусу начар балдарга ыңгайлуу кылып беребиз",- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















