Бишкекте сурамжылоого катышкан ишкерлердин жарымынан көбү салык кызматкерлери пара албай турганын билдиришти
Мамлекеттик салык кызматы жогорку окуу жайлардын биринин студенттеринин көмөгү менен Бишкек шаарындагы ишкерлерге сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоонун максаты - салыкчылар тарабынан жасалган коррупциялык иштердин деңгээлин билүү. Студенттер базарлардагы, ири соода түйүндөрүндөгү 600 ишкерге кайрылып, анкета аркылуу 21 суроо беришкен. Анда ишкерлер салыкчылардын кесипкөйлүгүнөн тарта этикасына чейинки жүрүм-туруму боюнча пикир билдиришти.
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, респонденттердин 60 пайызы салык кызматкерлери алардан ашыкча акча же белек талап кылбай турганын айтышкан. Мамлекеттик салык кызматы салыкчылардын туура эмес иштери үчүн (0312) 61-31-89 номуруна чалууну салык төлөөчүлөрдөн өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

