super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш тажрыйбасына жараша көбөйтүү демилгесин колдогон жок

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде бүгүн, 25-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш тажрыйбасына жараша көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Депутат Курмантай Абдиев мурда "Прокуратура жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизилип, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы судьялардын пенсиясына (2,5 эсе көрсөткүчүнө) теңдештирилгенин, бирок андай түзөтүү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга кошо киргизилбей калгандыктан, ал мыйзам иштебей калганын билдирди.

"Мыйзам долбооруна ылайык, 15-20 жылдык тажрыйбасы бар адамдардын пенсиясы 0,5 эсеге, 20-25 жылдык тажрыбасы барлардыкы 0,75 эсеге, 25 жылдан ашык тажрыйбадагылардыкы 1 эсеге өсөт. Ал үчүн бюджеттен 5,6 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат каралууга тийиш",- дейт депутат.

Талкуу жүрүшүндө кошумча каржы булактарынын жоктугунан улам Каржы министрлиги мыйзам долбооруна каршы экени айтылды. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев: "Кыргызстан социалдык өлкө болгондуктан, адегенде ошол тармакта иштеген адамдардын пенсиясын жогорулатуу керек. Прокурорлордун пенсиясы ансыз деле орточо пенсиядан жогору",- дейт.

Депутат Бактыбек Калмаматов прокурорлордун пенсиясын көбөйтүүдөн мурда мугалимдер менен дарыгерлердин пенсиясын көтөрүү зарыл экенин билдирди. "Азыр прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүп койсок, эл бизди таптакыр түшүнбөйт",- деди депутат.

Жыйынтыгында мыйзамдын долбоору колдоо тапкан жок. Комитет бул маселени парламент өзү чечсин деген чечимге келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: