super.kg logo
  Саясат  

Тийиштүү комитет “Волонтёрлордун иши жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында “Волонтёрлордун иши жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Ыргал Кадыралиеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору волонтёрлук ишмердүүлүккө болгон коомдук мамилени жөнгө салууга, волонтёрлордун укуктук абалын аныктоого жана Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун принциптерин орнотууга багытталат. “Мыйзам долбоору 1-2-окууларда парламент тарабынан кабыл алынып, 3-окууда добуш берүүдөн өтпөй калган. Добуш берүү учурунда мен жана мени менен иш сапарында бирге жүргөн депутаттардын атынан каршы добуш берилип калган. Бүгүн бул багыттагы мыйзам долбоору коңшу мамлекеттерде кабыл алынды. Бирок коңшу мамлекеттердин ичинен биринчиден болуп мен демилге кылып, бизде каралып баштаган. Тилекке каршы, азыр, артка кайтарылып отурат”,- деди ал.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: