Германия Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууда өнөктөш болушу мүмкүн
Германия Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууда өнөктөш болушу мүмкүн. Бул маселе вице-премьер-министр Валерий Дилдин германиялык "Рейн-Майн-Дунай" ишканасынын төрагасы Альбрехт Шляйх менен жолугушуусунда талкууланды. Диль Кыргызстандын электр энергиясын өндүрүүнү өнүктүрүүдө потенциалы жогору экенин белгиледи. "Инвестор тартуу үчүн келечектүү 23 тилке изилденди. Инвестицияга муктаж ГЭСтердин тизмеси түзүлдү. Ири тажрыйбасын эске алып "Рейн-Майн-Дунай" компаниясына Кыргызстанга ГЭС куруу боюнча конкреттүү сунуштарды карап көрүүнү сунуштайм",- деди вице-премьер.
Өкмөт өкүлү германиялык ишкерди Кыргызстанга иш сапары менен барууга, чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлору менен кенен таанышып чыгууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

