super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-ноябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына Эрлан Абдылдаев Бельгияга болгон иш сапарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Эрлан Абдылдаев Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы талкууланган жыйында каралган, келишимдердин аткарылышы боюнча сүйлөшүлгөн маселелерге токтолду. Министр Евробиримдик тарабынан Кыргызстанга 2014-2020-жылдардагы социалдык-экономикалык, демократиялык өзгөрүүлөрүн ишке ашыруу үчүн 184 миллион евро бөлөрүн кошумчалады. Аталган каражат буга чейинки бөлүнгөн каражатка салыштырмалуу 74 пайызга көп. Мындан сырткары Евробиримдик кыргыз шайлоо системинде реформа үчүн 10 миллион евро бөлөрүн айтып өттү. 

Президент Алмазбек Атамбаев жогорудагы биримдик менен мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: