super.kg logo
  Саясат  

"Бүтүн Кыргызстан" жана "Бир бол" саясий партиялары бирикти. Эки партиянын жумушчу тобу өз ишин бүткөндө биргелешкен курултай өтөт

 
"Бир бол" партиясынын Аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев

«Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир бол» саясий партиялары биригет. Эки саясий партиянын биригиши тууралуу SUPER.KG порталына 25-ноябрда "Бир бол" партиясынын Аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев төмөнкүлөрдү билдирди:

"Эки партия бир канча айдан бери консультация жүргүзүп келген. Кийинки шайлоолордо биригип иш алып баруу чечимине келдик. Эки саясий партиянын бүгүнкү тараткан биригүүсү биргелешип иш алып баруудагы биринчи кадамы десеңер болот. Негизги максат Кыргызстандын келечеги үчүн, учурдагы жаңы сыясий системде партиялардын биригиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Эки партия тең азыр атайын жумушчу топторду түзүп, жаңы штаб, уюштуруу иштери, жаңы программанын үстүндө иш алып барууда. Жумушчу топ өз ишин бүткөндө биргелешкен курултай өтөт. Мына ошол жерде партиянын позициясы, жоболору каралып, тийиштүү маселелерди талкуулайбыз".

Ошондой эле партиялардын бириккенден кийинки аталышы жана аны жетектөө биргелешкен курултайда чечилерин кошумчалап, курултайды өткөрүү датасы жумушчу топтун ишине жараша болорун белгиледи. 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: