Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору болуп Доорбай Миңбаев дайындалды

Өкмөттүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин буйругу менен аталган агенттиктин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору болуп Доорбай Миңбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов кол койду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, 2012-жылы түзүлгөн Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборун буга чейин Алмазбек Касенов жетектеп келген. Ал бүгүн кызматтан алынганын SUPER.KG порталына кабарлаган эле. Ал эми Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директорунун орун басары болуп келген Доорбай Миңбаев ошол эле учурда кыргыз классикалык күрөшү боюнча федерацияны жетектеп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.