super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги Улуттук госпиталдын имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгы айтылды

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Майрамкүл Тиленчиева, Уланбек Нуркулов жана башкалар Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга жана Бишкектеги Кардиология жана терапия Улуттук борборуна барышты. ЖКнын маалымат кызматы 25-ноябрда билдиргендей, депутаттар Улуттук госпиталдын гемодиализ, нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрүнүн, Кардиология жана терапия Улуттук борборунун интенсивдүү терапия бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышышты. "Бизге гемодиализ аппараттары жетишпей жатат деп жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип түшөт, ошого байланыштуу ушул маселе менен жеринен таанышуу боюнча чечим кабыл алынган",- дейт Жумалиева.

Улуттук госпиталдын нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрүнүн имараттарына капиталдык оңдоо жүргүзүү зарылдыгы, андан тышкары керектүү эмеректер, медициналык жабдуулар менен камсыздоо зарылдыгы айтылды. 

Депутаттар айтылган маселелер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: