super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Ата-эне балага татыктуу тарбия берүүгө милдеттүү”

 

Мыйзам боюнча да, жаратылыштын мыйзамы боюнча да ата-эне балага татыктуу тарбия берүүгө милдеттүү. Мындай пикирин вице-спикер Бөдөш Мамырова бүгүн, 25-ноябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин Келечек конушундагы №87-орто мектепте өткөн көчмө жыйынында билдирди.

Вице-спикер балага татыктуу тарбия, билим берип, коомго кошууда ата-эне мыйзамдын, жаратылыш мыйзамынын алдында да милдеттүү экенин белгиледи. Депутат мектеп окуучуларынын ата-энелери мектеп менен ар дайым тыгыз байланышта болушу зарылдыгын өз тажрыйбасынын мисалында айтып берди.

Мамырова ата-энелер да, мектеп мугалимдери да балага укуктуу мамлекетте жашап жаткандыгыбызды, бардык көйгөйлөр укуктук талаада чечиле тургандыгын түшүндүрүп туруу зарылдыгын кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: