super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "Европадагы ишеним каатчылыгын жоюунун жолдору" темасындагы эл аралык жыйынга катышты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн, 25-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан уюштурулган "Европадагы ишеним каатчылыгын жоюунун жолдору" темасындагы эл аралык жыйынга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарада Текебаев бүт дүйнө жаңы демократиялык тутумдардын түзүлүшүнө алып келеби деген ниетте "араб жазы" окуяларына көз салып келгенин, азыр ал тилек кооптонуу менен алмашканын белгиледи. "Авторитардык режимге карата институционалдуу альтернативалар жок учурда аларды кулатуу анархияга, баш аламандыкка жана радикалдуу агымдар менен күчтөрдүн таасиринин өсүшүнө алып келди. "Араб жазы" окуяларынан алчу сабак авторитаризмден демократияга өтүүдө коомдук-саясий институттарды алдын ала өнүктүрүү зарылдыгында турат. Мындай алдын ала камылгаларсыз режимди кескин алмаштыруу кыйла кесепеттер менен коштоло турган авантюра болуп саналат. Жакынкы Чыгышта болгон окуялар анын акыры кандай болорун таасын көрсөттү",- дейт Текебаев.

Тегерек столго Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин, КМШ жана Европа парламентчилери менен эксперттик жамааттардын өкүлдөрү катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: