super.kg logo
  Саясат  

Талас. Талас шаарындагы базардан 2 контейнер өрттөнүп кетти

 

31-январда саат 20:00дө Талас шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматына “Талас Айылкөмөк” базары өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке жетип барышканда базардагы эки контейнер күйүп жаткан. Тилсиз жоо башка контейнерлерге өтө электе саат 21:10до өчүрүлдү. Маалыматтарга караганда, аталган базардагы “Кыздын себи” ишканасында жасалган жууркан-төшөктөр, кийим тигүүчү машиналар күйүп кеткен. Өрттөн келип чыккан материалдык чыгым такталууда" деп билдирет Талас облустук  өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: