super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
26-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач (Шаты, Берекет көчөлөрү) конушунда, Чүй чоң көчөсүндөгү №259, 209, 261, 257, Токтогул көчөсүндөгү №250, 248, Бейшеналиева көчөсүндөгү №19, Токтоналиев көчөсүндөгү №58-көп кабаттуу үйлөрдүн үй ичиндеги тармактардын жана №2801, 308, 238, 400-трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мындан сырткары Матросов, Бектенов, Скрябин, Ахунбаев, Кара-Дарыя, Медеров, Элебаев көчөлөрүнө, Ак-Буура, Ясенский тар көчөлөрүнө, Жамгырчиев, Месарош, Шиш-Төбө, Матыев, Түрк, Гагарин, Некрасов жана Барабинский тар көчөсүнө “акылдуу” эсептегичтерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ал эми 13:00дөн 17:00гө чейин Осмонкул, Сүйүнбаев, Сыдыков, Чүй көчөлөрүндө, ошондой эле Чүй чоң көчөсүндөгү №115, 117, 119-көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы өчүрүлүшү ыктымал.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Кашка-Суу, Малиновка, Аламүдүн (Чушуев, Алматы, Панфилов, Горький, Чернышевский, Гоголь, Кавказский Тупик, Набережная, Школьная, Логвиненко көчөлөрү), Ленинское (Восточная, Коммунарская, Южная, Алматы, Виноградная көчөлөрү), Мыкан, Кайырма (түндүк бөлүгү) айылдарында, ошондой эле Кырман, Учкун, Хикмет конуштарында, Москва районуна караштуу Төлөк, Ак-Суу, Крупская атындагы Винсовхоз айылдарында, Жайыл районуна караштуу Сосновка айылында (Ленин, Токтогул, Абдыжапар көчөлөрү, Талды-Булак капчыгайы) жарык өчүшү мүмкүн.

Саат 09:00дөн 15:00гө чейин Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айылында “Лебединовка”, “25-лет Киргизии”, “Кашка-Суу”, “Главная”, “Төлөк” , “Керамзитовая”, “Сосновка” көмөк чордонунан, ГЭС-2ден тараган 10/6 кВт электр чубалгылары оңдолот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазында эмне кылып журушту деймда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: