super.kg logo

Ошто желимден жасалган таштандыларды кайра иштетүү максатында мектептерге желим чогултуучу контейнерлер таратылды

 

Ош шаардык мэриясында бүгүн, 25-ноябрда желим таштандыларды чогултуучу контейнерлер 12 орто мектепке өткөрүлүп берилди. Тапшырылган контейнерлерде чогулган желим таштандылар Бишкектеги кайра иштетүүчү ишканаларга жиберилмекчи.

"Бул долбоор Ош шаарынын 3000 жылдык тарыхында биринчи жолу жүзөгө ашырылып отурат. Анын натыйжасында шаарды желим таштандылардан арылтууга болот деген үмүттөбүз. Мындан сырткары мындай жаңы долбоорго муниципалдык ишканалар да тартылууда. Мисалы, "Жашылдандыруу" чарба комбинаты, "Тазалык" ишканасы долбоорду ишке ашырып жаткан тарап менен биргеликте иш алып барышууда",- деди Абдырахман уулу.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, мектеп директорлору, аймактык кеңештин төрагалары катышышты. Долбоор ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Ош шаардык мэриясы жана жеке демилгечи топтордун аракети астында ишке ашууда. Бир айдын ичинде өз натыйжасын берсе, шаардын башка орто мектептерине да коюлмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.11.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазуусун кыргызча эле жазышса жакшы болмок
25.11.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
орусчабы кыргызчабы баарибир эмеспи. мусорный ящиктен башка жерге кыргызча жазылбай жатат го. азаматсынар. ким уюштурса да соопко калыптыр.
26.11.2014. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош- Бишкек жолуна да айдоочулар көп токтогон жерге койсо жакшы болмок, жүрүп көргөндөр билсе керек, жолдун эки тарабы жалаң желим бөтөлкө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: