super.kg logo

Ош шаары Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтөт

 

Ош шаардык мэриясы тарабынан Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 318 миң сомду түзүп, 3 оор жүк ташуучу автоунаага тамак-аш азыктары жана курулуш материалдары (кумшекер - 1 тонна, макарон - 2190 килограмм, май - 400 литр, чай - 25 кап, печенье - 167 коробка, кыш - 8000 даана) жүктөлүп, Бишкекке жөнөтүлдү. Белгилүү болгондой, бул 3 унаа Бишкектен кетүүчү гуманитардык жүктөр менен бирге Ысык-Көл жергесине сапар тартмакчы. Гуманитардык жардам шаардык ишканалардын жана жеке ишкерлердин каражатына сатылып алынган.

"Азыркы учурда Көлдүн тургундары жаратылыштын мындай оор кырсыгынан жабыр тартышууда. Мэрия жана Оштун тургундары аз да болсо өз жардамын аябай, ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр”,- деди вице-мэр Жапарбек Ормонов.

Эске салсак, 14-ноябрда Ысык-Көлдө жер титирөө катталган. Эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын көлөмү болжол менен 90 миллион сом деп бааланууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.11.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
rasan, аймактык бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 1 күн БАН!
25.11.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туштук-Тундук деп, калчылдаша бербей, ушинтип достукту бекемдеп турсанар болмок бийликтегилер. Созсуз кырсык болгондо эле достук, жардам дебей, башка жакшы кундордо деле достошуп, бириккенинерге эмне жетсин чиркин.
25.11.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Бирок азаматсынар" дешти, унутуп калыптырмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: