Чиновниктерди тапкан кирешесин гана эмес, чыгашасын да көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун тармактык комитет колдоду

Кыргызстандагы чиновниктерди тапкан кирешесин гана эмес, чыгашасын да декларацияда көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети колдоду. Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин жакындарынын да киреше, чыгашасын декларациялоо сунушталууда. Комитеттин 25-ноябрдагы жыйынында аталган демилге сунуш, пикирлерди эске алуу менен жактыруу үчүн тармактык комитетке жиберилди. Мыйзам долбоору кабыл алынса, мындан ары аким, губернаторлор да жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларация тапшырууга өтүшмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

