super.kg logo

Бишкек-Ош жолунда жол кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо максатында кар тазалоочу техникалар иштөөдө

 

Акыркы күндөрү жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош жолунда кыймылдын үзгүлтүккө учурабашы үчүн бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Тайгак жолдорго кум себилип, жолго кар күрткүлөрүнүн чогулуп калбашы үчүн тиешелүү техникалар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Транспорт министрлиги айдоочулардан алыс жолго чыгуудан карманып турууну өтүнүп, автоунаа ээлерине кышкы дөңгөлөктөргө өтүүгө, тайгакка каршы чынжырларды ала жүрүүнү жана унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес кылып сактоону эскертүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 90-198-чакырымдарында кар көп жаагандыктан, кар күрткүлөрү, тайгак жол автокыймылды кыйындатууда. Ал эми Көлбаев атындагы тоннелдин айланасындагы катуу бороон аралыкты көрүүнү татаалдатып, жол кырсыктарына алып келүүдө. Ала-Бел ашуусунда да катуу бороондон аралыкты жана жолду көрүү кыйын болууда”,- деп айтылат маалыматта.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: