super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 26-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүндөгү “Мадина” базарынын жанынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен үйдүн 30 чарчы метр жыгач шыбы күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: