Жоомарт Оторбаев бийик имараттан кулап каза тапкан 16 жашар баланын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоо тапшырмасын берди
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектеги курулуштардын биринде иштеп жаткан жеринен кулап каза тапкан 16 жашар Мамбетакун уулу Жаныштын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоо тапшырмасын берди. Өкмөт башчы бүгүн, 26-ноябрда тийиштүү органдарга 24-ноябрда болгон окуяны дыкат иликтеп чыгуу тапшырмасын берди. Оторбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция бардык тармактагы иштөө шарттарын жана коопсуздук нормаларын текшерип чыгышы керектигин, Ички иштер министрлиги окуянын себебин аныктап, күнөөлүүлөр аныкталган учурда иликтөөнү баштоосу зарылдыгын айтты.
"Өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуяны иликтөөнү жеке көзөмөлүмө алдым. Бүгүнкү күндө көптөгөн курулуш аянттарындагы абал канааттандырарлык. Курулушчулардын коопсуздук чаралары сакталган эмес, алардын иштөөсүнө жетиштүү шарт жок. Биз бул кырдаалды катуу көзөмөлдөйбүз. Тармакта коррупция гүлдөп жатат, текшерүүчү органдар мыйзамсыз түрдө "сыйлык алып алышып", массалык мыйзам бузууларга көз жумуп жатышат",- деди өкмөт башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

