super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Серхио Агуэро “Баварияга” 3 гол киргизип, жеңиш алып келди

 

25-ноябрдан 26-ноябрга караган түнү футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-тур оюндарынын алкагында “Е”, “F”, “G” жана “Н” тайпаларында экиден оюн болду. УЕФАнын расмий сайтында маалымдалгандай, жалаң күчтүү командалардан туруп, "өлүм тайпасы" аталган “Е” тайпасында ЦСКА, “Рома” жана “Манчестер Сити” командалары бул турда да тайпадан кайсы команданын чыгарын аныктай алышкан жок. Анткени бул үч команданын тең карамагында бештен упай бар. Бул күндүн башкы каармандары Серхио Агуэро (“Манчестер Сити”) менен Лионель Месси (“Барселона”) болду. Алар бул күнү үчтөн гол киргизүү менен командаларына керектүү упайларды алып беришти.

Оюндардын тизмеси:

“Е” тайпасы

ЦСКА (Орусия) – “Рома” (Италия) – 1:1

Голдор: Тотти (42-мүнөттө), Березуцкий (90-мүнөттө)

“Манчестер Сити” (Англия) – “Бавария” (Германия) – 3:2

Голдор: Серхио Агуэро (21-мүнөттө), Хаби Алонсо (40-мүнөттө), Роберт Левандовски (45), Серхио Агуэро (85), Серхио Агуэро (90).

“F” тайпасы

АПОЭЛ (Кипр) – “Барселона” (Испания) - 0:4

Голдор: Луис Суарес (27-мүнөттө), Лионель Месси (38, 58, 87).

ПСЖ (Франция) – “Аякс” (Голландия) – 3:1

Голдор: Эдинсон Кавани (33-мүнөттө), Дэви Классен (67), Златан Ибрагимович (78), Эдинсон Кавани (83).

“G” тайпасы

“Шальке” (Германия) – “Челси” (Англия) – 0:5

Голдор: Жон Терри (2-мүнөттө), Виллиан (29), Ян Киршхофф (44, өз дарбазасына), Дидье Дрогба (76), Рамирес (78).

“Спортинг” (Португалия) – “Марибор” (Словения) – 3:1

Голдор: Карлуш Мане (10-мүнөттө), Луиш Нани (35), Жефферсон (42, өз дарбазасына), Ислам Слимани (65).

“Н” тайпасы

БАТЭ (Беларусь) – “Порту” (Португалия) – 0:3

Голдор: Эктор Эррера (56-мүнөттө), Жексон Мартинес (65), Кристиан Тельо (89).

“Шахтёр” (Украина) – “Атлетик” (Испания) – 0:1

Гол: Микель Сан-Хосе (68-мүнөттө). 






Чемпиондор лигасы. Манчестер Сити - Бавария - 3:2

Чемпиондор Лигасы. ПСЖ - Аякс

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: