Райкан Төлөгөнов: "Ар бир тыйынды натыйжалуу пайдалануу - министрликтердин ишинин негизги көрсөткүчү"
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 25-ноябрда өлкөнүн 2013-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышын карады. Мындан тышкары 2013-жылкы бюджет боюнча жүргүзүлгөн аудит боюнча Эсептөө палатасынын маалыматын укту. Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев 2013-жылы экономикалык өсүш "Кумтөр" кенин эсепке албаганда 5,8 пайызды түзгөнүн айтты. "Былтыр орточо айлык акынын суммасы 11 426 сомду түздү",- дейт Бакетаев.
Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 95 пайыздык деңгээлди түзгөнүн билдирди. Жыйынды депутаттар Эсептөө палатасы энергетикалык тармакта дыкат аудит жүргүзүп чыгышы керектигин белгилешип: "Электр энергиясын сатып алууда, сатууда ири коррупциялык схемалар бар экени байкалууда",- дешти.
Депутат Райкан Төлөгөнов Эсептөө палатасынын негизги милдети бюджеттик каражаттарды министрликтердин канчалык эффективдүү пайдаланып жатканына мониторинг жүргүзүү экенин белгилеп буларды айтты: "Ар бир тыйынды натыйжалуу пайдалануу - министрликтердин ишинин негизги көрсөткүчү, министрлердин иш-аракетинин жыйынтыгы".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

