“Сулайман-Тоо-Ак-Буура” ишканасынын жетекчилигинин бюджеттик каражаттарды ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
“Сулайман-Тоо-Ак-Буура” муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин бюджеттик каражаттарды ээлеп алуусу боюнча факт аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын жетекчилиги Ош шаарынын улуттук-маданий борборуна, гүлзар, сейил бактын аймагына караштуу жер тилкелерин ижарага берген. Ошону менен бирге 2014-жылдын май айынан бери ишкананын жетекчилиги ижарадан түшкөн акча каражаттарын ээлеп алган. Аудитордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жергиликтүү бюджетке 1 миллион 116 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.