Эртең парламентте Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн кесепети тууралуу маалымат угулат
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон табигый кырсыктын кесепеттери тууралуу маалыматы угулат. Мындай чечим парламенттин 26-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды. Министр депутаттарга кырсыктан жапа чеккендерге көрсөтүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берет.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 16-ноябрында жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 33 турак үй IV даражада зыянга учураганы аныкталган.
Айта кетсек, 14-ноябрь күнү эртең менен өлкөнүн түндүк аймагында жер титиреп, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

