Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, бажы алымдарынан 11-12 миллиард сом киреше түшөт
Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, бажы алымдарынан түшкөн каражаттын суммасы 11-12 миллиард сомду түзөт. Муну парламенттин 26-ноябрдагы жыйынында экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди. Жыйында депутаттар "Азыр бажы алымдарынан бир жылда 41 миллиард сом түшөт экен. Бажы биримдигине кирсек, биздин алчу үлүшүбүз 7 пайыз болору айтылууда. Андай болсо, бажы алымдарынан түшчү акчабыз 13 миллиарддын тегерегинде болуп калат. Мунун артынан оорчулук жаралышы мүмкүн" дешти.
Данил Ибраев 41 миллиард сом, кошумча нарк салыгы жана башка төлөмдөрдү кошкондогу сумма экенин, Бажы биримдигине киргенден кийинки бажы алымдарынан түшчү сумманы жогорулатуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

