Бажы союзу: Орусиядан Кыргызстанга берилүүчү 1 миллиард доллардын сарпталышын Орусиянын Эсептөө палатасы көзөмөлдөшү мүмкүн
Депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында Кыргызстанга Орусия тарабынан бөлүнчү каражаттардын сарпталышы тууралуу маселеге токтолду. Депутат биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге “Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу үчүн Орусиядан бөлүнүп жаткан 1 миллиард доллардын сарпталышын Орусиянын Эсептөө палатасы көзөмөлдөйбү?” деп суроо берди.
Сарпашев мындай маалыматты биринчи жолу угуп жатканын айтты. “Бул тууралуу билбейт экенмин, биринчи жолу сизден угуп жатам. Ал эми Кыргызстандын Эсептөө палатасы деле жеке ишканаларга каражат бөлүп, сарпталышы туура эмес аткарылса, көзөмөл жүргүзөт. Орусияда да ушул сыяктуу мыйзам бар болушу мүмкүн”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

