super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "тамга тааныганыңар менен, жазууну билбейт экенсиңер" деп өкмөт өкүлдөрүн сындашты

 
Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Назарали Арипов мыйзам долбоорун кыргызчага которуудагы каталар үчүн өкмөт өкүлдөрүн сынга алды. Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралып жаткан. Депутат өлкөдөгү лицензиялык-уруксат берүү системи жөнүндө мыйзам долбоорундагы каталар үчүн экономика министринин орун басары Данил Ибраевге буларды айтты: "Документти биринчи өзүңөр окуп койбойсуңарбы? Тамга тааныйт экенсиңер, бирок кантип жазууну билбейт экенсиңер. Бул эмне деген сүйлөм, окууга мүмкүн эмес. Компьютериңизди ачып окуп бериңизчи, мен угайын". 
Данил Ибраев мындай катачылык техникалык себептерден улам болуп жатканын билдирди. Спикер бул нерсе техникалык катачылыктан экенин, аталган мыйзамдардан башкалары жайында экенин кошумчалады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: