super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун 3-окууда добуш берүүгө жөнөттү

 

Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралды. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө 110 келишим түзүлөт, ал эми Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу алкагында дагы 18 келишим түзүлөт. Бажы биримдигине кирүүгө даярдык көрүүдө 112 ченемдик-укуктук акты каралса, анын 32си мыйзам болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча иштелип чыккан 10 мыйзам долбоорунан турган алгачкы топтом үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Алар:

- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”; 

- “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө”;  

- “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;  

- “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу”;  

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: