super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик чек арасындагы аныкталбаган жайлар маселесин чечиш үчүн Орусия жардам берүүгө даяр

 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аныкталбаган жайлар маселесин чечиш үчүн Орусия жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искендеров билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларындагы айрым жайлар аныктала элек. "Бул багытта чоң иш жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, биздин коңшу мамлекеттер өз пикиринде бекем турушат. Учурда укуктук маселелер талкууланып жатат. Анткени эгер өз убагында укуктук маселелер чечилген болсо, бүгүнкү күндөгүдөй кырдаал болмок эмес",- деди ал.

Мындан тышкары Искендеров жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы Орусияга жөнөй турганын маалымдады. "Ал жерде орусиялык кесиптештер тарыхый документтерди көрсөтүүгө макулдугун билдиришкен. Биз буларды карап чыгышыбыз керек. Тажик тарап бизден мурда Орусияга барып, бул документтер менен таанышып чыккан",- деди өкмөт өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: